Turmush — Бүгүн, 18-апрелде Жети-Өгүз районунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 110 адамга 150 миң сом өлчөмүндө сертификаттар тапшырылды.
Маалым болгондой, бул каражаттар аз камсыз болгон жарандардын өз бизнес-демилгелерин ишке ашыруусуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилди.Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Камчыбек Досматов өз сөзүндө белгилегендей, «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларынын 94,2 пайыздан ашыгын, негизинен, айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Ошондой эле ал программага катышкан жарандардын арасында жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан алгачкы 14 катышуучу аныкталганын маалымдады. Алардын бири — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Айнура Талипова.
Анын айтымында, Айнура Талипова 2022-жылы социалдык контракт түзүп, «Жаркыра» аталышындагы клининг компаниясын негиздеген. Кыска убакыттын ичинде компания жаңы башталган ишканадан туруктуу регионалдык бизнеске айланган. Ишмердүүлүк мезгилинде 100дөн ашуун кызматкер окутулуп, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө да компанияда эмгектенип, туруктуу команда түзүлгөн.