Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Телтору» ат майданынын ордуна курулуп жаткан муниципалдык базар ишке кирген соң сааттаган жол тыгыны пайда болушу мүмкүн. Бул жагдай эске алынышы керек болчу. Мындай пикирин Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Turmush басылмасынын кабарчысына сессия алкагында көтөрүлгөн суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, базардын баарын бир жайга топтоонун да зарылдыгы жок.
«Базар өтө эле чоң болуп курулуп калган. Маселен, Сузак районунун Ачы зонасына, Көк-Арт, Октябрь тарапка кеткендер, бир сөз менен айтканда жогору тарапка кеткендер жол тыгынга кабылып, кыйналышы мүмкүн. Ошол базарга жакыныраак жайгашкан мал базар бар, аптасына бир ирет өтөт. Жума күнү эл жол тыгынга кабылып, кыйналып жүрүшөт. Эртең чоң базар иштей турган болсо, баягы карапайым калк жол тыгындан кыйналышат.
Биринчи көргөндө эле атаңдын көрү туура эмес курулуп калыптыр дегем. Менин жеке пикиримде, калаа ичинде жайгашкан калкка жараша 5-6 кабаттан турган муниципалдык заманбап супермаркеттерди салышыбыз керек. Эл жайгашкан жайына жараша соода кыла берет. Калаадагы базардын баарын бир жерге топтоо туура эмес. Буга чейинкилерди сындагым келбейт, "базар туура эмес курулуп калыптыр" деп ичим ачышып жүрөт. Базар бүтө берсин, жол тыгындарын азайтуу аракеттерин мүмкүн болушунча караганга аракет кылабыз», - деди мэр.
Буга чейин муниципалдык базардын курулушуна 57 млн долларлык инвестиция тартылганы айтылган. Бул жайда кийим-кече, азык-түлүк, үй-тиричилик буюмдары сатылат. Мындан сырткары, базардын аймагында заманбап автобекет, кампалар, унаалардын тетиктерин сатуучу жана унааларды оңдоочу, жуучу жайлар каралган. Эң негизгиси унааларды токтотуучу жайлар эске алынганы айтылган.
Базардын курулушун Кытай Эл Республикасынын «China Construction Fifth Engineering Division Corp.ltd» компаниясы жүргүзүп жатат. Шаар бийлиги калаадагы бардык базарлар ушул жайга көчүрүлөрүн айтып келишкен. Башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максаты коюлганы белгиленген болчу.