Turmush — Ош облусунун тургуну Уулкерим Курманбекова президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолдошу УКМК тарабынан жыйынтык үчүн кармалганын айтты.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Уулкерим Курманбекованын айтымында, бул окуя жолдошу эмгек өргүүдө жүргөндө болгон.
«Милициянын полковниги Кушбаков Жоомарттын жубайы болом. Менин сизге кайрылуумдун себеби, былтыр, 2025-жылы март айында жолдошумду алдамчылыкка шектеп, ГКНБ [УКМК] "результат" үчүн кармады. Бир адам кызматтык абалынан пайдаланып, жолдошумду кармап, Ош шаардык соту 5 жылга эркинен ажыратып койду. Учурда биздин жашы жете элек 5 балабыз бар. Жолдошум өкмөттө 20 жыл күн-түн дебей кызмат кылган. Өзүңүз жакшы түшүнөсүз деп ойлойм, милициялардын, тергөөчүлөрдүн иши өтө оор. Ал балдарынын кандай чоңойгонун да көргөн эмес. Күн-түн дебей иштеп жүргөн тергөөчү болчу», - деди ал.
Садыр Жапаров ал эмне үчүн кармалганын сурады.
Уулкерим Курманбекова: «Алай районунда 20 жаштагы баланы ортого салып, "50 миң сом өлчөмүндөгү акчаны сунуштайсың" деп, атайын даярдаган. Ал бала 50 миң сомду алып келген. Ал убакта жолдошум отпускада [өргүүдө] болчу. 50 миң сомду алып келип, столдун үстүнө эле койгондо жолдошум сырттан келип жаткан. ГКНБ басып алып, жолдошумду кармап... Атайын "результат" үчүн болуп жатат», - деди.
Садыр Жапаров прокуратурага аталган жаранды кабыл алууну тапшырды.
2025-жылдын март айында УКМК Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү кармалганын билдирген.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандан 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды. Жаран бир нече жолу Ички иштер башкармалыгына кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок тергөөчү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.
«27-мартта акча которуу фактысы катталып, Ош ШИИБдин К.Ж.А. аттуу улук тергөөчүсүнүн кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом табылган. Мындан улам, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген», - деп айтылган маалыматта.