Turmush — Ош шаарында бир катар социалдык объекттерди долбоорлоо иштери менен катар курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Кудайберди Каримов билдирди.
Республикалык бюджеттен курулуп жаткан объекттер:
- №4 С.М.Киров мектебине 200 орундуу кошумча корпус курула баштады;
- Г.Айтиев мектебине 225 кошумча корпустун курулушу жүрүп жатат;
- Жолон Мамытов мектебине 500 орундуу кошумча корпустун курулушу жүрүүдө;
- №21 С.М.Пушкин мектебине 225 орун кошумча корпустун долбоорлоо иштери жүрүп жатат;
- №50 П.Ж.Нышанов мектебине кошумча корпустун долбоорлоо иштери жүрүүдө;
- №48 мектепке 390 орундуу кошумча корпустун долбоорлоо иштери;
Капиталдык оңдоодон өтө турган объекттер:
- Барпы Алыкулов мектеби;
- Х.Абдуллаев орто мектеби;
- Курманжан датка атындагы бала бакча;
- «Топ жылдыз» балдар бакчасы;
- «Таң шоола» балдар бакчасы.
Ошону менен катар Татар айылындагы Школьная көчөсүнүн 1 чакырымы толугу менен оңдоодон өтүп, асфальт төшөлөт.
Ак-Буура дарыясынын жээги — Н.Исанов көчөсү, Бахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралыктагы жол жээги көрктөндүрүлүп, парк, аллея салынып, веложолдор курулуп жатат.
Касымбеков көчөсүндөгү оң тарабындагы каналдын жээгине аллея жасалып, көрктөндүрүлөт. Веложолдор курулат. Учурда долбоору даярдалууда.