Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарында автоээнбаштык жасаган «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя калаадагы Б.Алыкулов атындагы драма театрынын алдында болгон. Анда айдоочу унаасы менен дрифт жасаган. Ал көзөмөл камераларына түшүп калган.
Айдоочуга админстративдик протокол толтуруп, 15 миң сом айып пул салынып, унаа айып короого токтотулду.
Укук бузуулар кодексинин189-беренеси (автоээнбаштык):
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса — транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.