Turmush — Манас жана анын 40 чоросунун сөөгү Зардалы тоолорунда жашырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Зардалы айылынын аксакалдары кеп кылышып, ал күмбөздөрдү айрым гана мергендер алыстан гана дүрбү салып көрүшкөнүн айтышат.
Зардалы айылынын тургуну Таштанбай Айдаровдун айтымында, Манастын жубайы Каныкей Манас каза болгондон кийин анын сөөгүн балким ушул жакка алып келип жашыруусу да мүмкүн.
«Азыркы учурда да Зардалы аймагында Коргон деген жер бар. Аксакалдардын айтымында ошол тоо этегиндеги тегиздикте Манастан кийин Каныкей баатырларга «бириңди-бириң чаап, кимиң жеңсең ошого турмушка чыгам» деп, өздөрүнө өздөрүн чаптырган экен деп калышат эле.
Ал эми Зардалынын Шурман жайлоосунун маңдайында Бүтө деген өзөндүн ичиндеги зоолордун арасында адам буту жеткис жерде Манас жана анын кырк чоросунун сөөгү жашырылган жер бар. Анын өтө тажрыйбалуу мергендер гана алыстан көрүшкөн. Менин Топчу деген досум дагы 1999-жылдары алыстан дүрбү салып көрүп, 1 чоң күмбөз жана анын айланасында жоголуп бараткан 38 күмбөздү эсептеп түшүшкөнүн айтат. Күмбөздүн айланасындагы дубал дагы урап калган экен. Ал жакка адам буту жетүүсү кыйын. Анткени жалама аска зоонун боору, адам учурган шамал тынымсыз согуп турат. Андыктан муну оңой менен адам баласы жанынан көрө албайт.
Зардалы аймагынан чыккан Абдылла деген атагы алыска кеткен балбан болгон. Ошол балбан 12 адам көтөрө алгыс арчаны өзү көтөргөн, болжолдуу 800 килограммдык ташты көтөрүп дарыяга көпүрө кылган. Ошол таш көпүрө азыр деле турат. Абдылда балбан учурунда ошол күмбөз тарапка жол саламын деп кура албай койгон экен. Муну мамлекеттик деңгээлде изилдөө керек», - деди ал.
Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин айыл эли электр жарыгысыз, байланышсыз жашап келген.
Зардалы айылын район менен байланыштырган татаал жол бар. Жолдун бир бөлүгү бийик ашуулар аркылуу өткөндүктөн кышында кар көп жаап октябрь айынан май айына чейин жабылып калчу. Тургундар тоо боору менен 6,2 чакырым Кожешкен дарыясын бойлоп ат менен жана жөө басчу.
Учурда айылга электр жарыгы жетти. Минималдуу кубаттуулугу 303 КВ болгон автономдуу күн панелдерин орнотуу иш аракеттери аяктап, турак үй, социалдык объекттер электр энергиясы жана интернет менен камсыз болду.
Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолу пайдаланууга берилди. Жалпы узундугу 18 км болгон Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолунун курулушуна 888,9 млн сом каралган. Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча эски жол 26 чакырымга кыскарды. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, унаа каттамы камсыздалды.
Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчы элеттиктерден кабар алып, Зардалы айылында айтылуу Жаңыл Мырзанын төркүндөрү жашай турганын жазган.
- Азыркы учурда бул айылда 53 кожолук, 230дан ашык тургун жашайт.
Тарых илимдеринин кандидаты, Баткен мамлекеттикк университетинин социалдык экономикалык жана укук кафедрасынын башчысы Акжол Кадыров Зардалы айылынын аталышы боюнча маалымат берген.
«Зардалы айылы Дара капчыгайын төрүндө жайгашкан. Андан ары чоң ашуулар – Дөгмөн, Ормузан, Ак-Таш, Даван, Кара-Кыя, Зардалы, Икенжи, Көк-Сыяз, Топхана, Ноожайлак, Ак-Терек деп аталып, Сохтон мына ушул багыт менен Кара-Тегинге кетүүчү жол татаал болгондугуна карабастан, эң кыска жол болуп андан ары Афганистан, Иран, Пакистан, Индияга чейин баруучу маанилүү, жападан жалгыз гана жол. Ошондуктан бул жолдун боюна Кокон хандыгы чеп салдырган. Бул чептин коргонуу жана көзөмөлдөө максатында курулганын эч ким танбайт. Аны кийинки учурда Зардалы кыштагынын алдынан табылган курал-жарак кампасынын (Түп-Хана) болушу да бул аймакта коргонуу бекетинин болгондугун дагы бир ирет ырастайт. Демек мына ушул ашуунун ары жагынан душмандардын кол салуу коркунучу бар болгондуктан, ушул чепте зардалдар (аскерлер) турган. Мына ушул зардалдардын (аскерлердин) аталышынан Зардалы аталышы келип чыккан болушу керек.
Экинчи бир варианта Дара капчыгайы дарыя бойлото созулгандыктан дарыя жээктери чытырман бадал, тикенектүү токой болуп ошол жакка жол салуу өтө татаал болгону айтылат. Жыл сайын бак-дарактардын бутактарынан улум жол чырмалып кала берген. Ошол бак-дарактарды кыйып, тазалап туруу үчүн зардаси (дээринде өжөрлүгү бар) бар жигиттердин ишинен улам Зардалүү кийинчерек тилге ыңгайлаштырып, тыбыштык өзгөрүүдөн Зардалы аталышы келип чыкан болушу мүмкүн», - дегенал.
Ал эми Зардалы айылынын тургуну Сүйүнбай Убаев Зардалыга ата-бабаларынын кандай келип жайгашып калганын айтып берген.
«Өзүм 1964-жылы Зардалыда төрөлгөм. 1959-жылдан 1968-жылга чейин төмөнкү Кара-Бак аймагына көчүрүү болгондо 1968-жылы биз да көчкөнбүз. Бирок бүгүнкү да аталарбыздын жайын аздектеп жашап келебиз. Зардалыда 2 мечитибиз бар. Орозо киргенде чогулуп, таравих намаз окуйбуз.
Ал эми аталарыбыздын бул жерге келип калганы өзүнчө тарых. Кадимки нойгут уруусунан чыккан баатыр кыз Жаңыл Мырзанын айынан Зардалыга көчүп келишкенин айтышат. Биз нойгут уруусунан болуп, ата-бабаларыбыз азыркы Кытайда жашаган экен. Ал сарыбагыш уруусунан чыккан Түлкү баатырдын «канчыктын өзү да келет» деген сөзү үчүн атып өлтүрөт. Ошол доордо карабагыш уруусунун башчысы Калматай 74 жашта болгон. Ал жиберген баатырлар Жаңыл Мырзаны колго түшүрүп келишет. Калматай ага көп кордук көрсөткөн. Жаңыл Мырза колго түшкөндөн кийин турмушка чыгып, андан уул төрөйт. Калматай ууда жүргөндө ошол жердеги кыз-келиндер Жаңыл Мырзадан өнөрүн көргөзүүсүн суранат. Ал атын минип, курал-жарагын тагынып, өнөрүн көргөзө баштайт. Жаа менен баласын атып жиберет. Ошол маалда өзүнүн элине кайтмак болуп, качып жөнөп, артынан күйөөсү кубалайт. Күйөөсүнүн минип келе жаткан атын атып кулатат. Салт боюнча ат кулагандан кийин башка атка минип кууганга болгон эмес. Бирок күйөөсү ага карабай экинчи атка минип, дагы кууйт. Ошол учурда Жаңыл Мырза «жаман да болсо күйөөм элең» деп, аргасыз күйөөсүн да атып салат. Бул окуядан кийин Калматайлар Жаңыл Мырзанын төркүнүн тукум курут кылабыз деп, Кытайга жолго чыкканда биздикилер качып Зардалыга келип калган экен.
Өткөн жылы ошол Калматайдан тарагандар мага кайрылып, «Биздин ата-бабаларыбыз кыз баланын кордогон эмес эле. Бирок Жаңыл Мырзаны кордогон экен. Ошого арадан 4-5 кылым өтсө да кечирим сурайбыз» дешти. Анан аларга «Силер да улуу эл экенсиңер. 4-5 кылым мурда бабаларыңар кетирген кемчилик үчүн кечирим сурап жатасыңар. Нойгут уруусунан атынан силерди кечирдик» дедим. Аксакалдарга айтсам «бизге айтпай кечирип коюптурсуң» деп күлүп калышты», - деген ал.
Тактама:
Жаңыл Мырза 17 кылымда нойгут уруусунан чыккан кыргыздын баатыр кызы. Ал көзгө атар мерген болгон. Элдик санжырада ал чуркап бара жаткан аттын такасын жаасы менен түшүрө аткан мерген болгону айтылат. Ал нойгут уруусун тышкы жоолордор коргоп, турмушка чыкпай жүрүп калат. Аны уккан Манап бийдин небереси Түлкү баатыр Жаңылга үйлөнөм деп агасы Үчүкө, Атакозу, Чабакты баш кылып бир топ адамдар менен барат. Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча Жаңыл Мырза азыркы Ак-Суу (Кытай) шаарынын чөлкөмүндө турган. Күйөөлөп баргандар Жаңыл Мырзаны үйүнөн жолуктура албай калышкан. Бир чети тосуп албагандыгы учун намыстанышып, бир чети, айтылуу баатырдыгын сынамака нойгуттардын жылкысын тийип алып кетишет да бир кабарда, Турпандын башы Какшаалдын ичине келип, жатып калышат. Артынан кууп жеткен Жаңыл Мырза алгач ишти тынч бүтүрмөккө көңүлдөнөт. Бирок Түлкү баатыр ошол маалда Жаңыл Мырзанын жойлоп кирип барган тайганын сөккөнүнө арданып, Үчүкө, Түлкү, Аккочкор, Канкы, Атакозу, Чабакты жаа менен атып өлтүрөт. Алардын сөөгүн ардактап көмдүрүп, калган кошуунду жолуна салат.
Кошуундагылар келип Үчүкө Түлкүнүн атасы Сарсейитке кабар айтышат. Тейиш ханга кеңеш салышып, баатырлардын кунун нойгуттардан кууп алмакка чечим чыгарышып, 2 жылдан кийин аттанып барып Жаңыл Мырзаны колго түшүрүп келишкен. Жаңылды колго түшүрүп келишет. Аны аялзат катары аябастан, баатыр катары кабылдашып, кадимки баатырларга көргөзүп келген кордуктарды көргөзүшөт. Жаңыл Мырзаны жоортулдун колбашчысы болгон Калматайга алып беришет (Б.Солтоноевдин вариантында Жаңылды Ормотойго беришет).