Turmush — 2026-жылдын 6-апрелине караган түнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылындагы мектеп-гимназиясында дээрлик жарым кылым эмгектенген педагог Ивченко Наталья Петровна көз жумду.
Жакындарынын айтымында, Наталья Ивченко бир эле билим берүү мекемесинде 50 жылдан ашык иштеген. Ал орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип, ошондой эле директордун орун басары кызматын аркалаган.
Мектеп-гимназиянын директору Тамара Токтосунова билдиргендей, быйылкы окуу жылында Наталья Ивченко ардактуу эс алууда болчу.
Маркум мугалим 1955-жылы туулган.