Turmush — Нарын шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлери оор жагдайга туш болду. Шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү биринен экинчисине көчүп, акыры эскилиги жеткен, шарты жок имаратка барууга аргасыз болушту.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган бөлүмдөрдүн кызматкерлерин Чкалов атындагы орто мектебинин эски имаратына көчүрүүнү көздөп жатышат. Имаратта даараткана жок, электр зымдары кооптуу абалда.
Буга чейин Чкалов мектебинин эски имаратына Нарын шаардык балдарга билим берүү бөлүмүн көчүрүү тууралуу токтом чыккан. Бирок алар ал токтомду аткарбай, балдар үчүн кооптуу экенин айтып, көчкөн эмес. Эми аталган имаратка Нарын шаардык билим берүү бөлүмүн көчүрүүгө даярдап, актап-сырдаганга киришип жатышат.
Вице-мэр Элнура Асангазы кызы бул кырдаалды башка имараттын жоктугу менен түшүндүрдү. Анын айтымында, ЭЭА (эркин экономикалык аймак) жетекчилиги аларды мурунку ордунан чыгарып жаткандыктан убактылуу ушундай кадамга барууга туура келген.
Ал эми сунушталган имараттын абалы талапка жооп бербейт: электр зымдары кооптуу, санитардык шарттар каралган эмес.
«Жаңы имарат куруу үчүн министрлик тараптан каржылоо керек», - дейт вице мэр.