Turmush — 2026-жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Улахол айыл аймагындагы Кара-Талаа айылында жаңы конуштун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы №646 токтомуна ылайык, Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 60,0 гектар жер аянты калктуу конуштар категориясына өткөрүлгөн. Аталган аймакка айылдын башкы планы иштелип чыгып, анын негизинде 418 жер тилкесин жарандарга турак үй куруу үчүн берүү каралган. Бул чечим өкмөттүн 2005-жылдагы №177 жобосуна ылайык кабыл алынган. Учурда 89 жаранга жер тилкелери берилди.
Ачылыш аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөр айтылып, айрым жарандарга сыйлыктар тапшырылды. Жергиликтүү тургундар үчүн бул долбоор турак жай шарттарын жакшыртууга, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого жана айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошору айтылды.
Ошондой эле, жаңы конуштун курулушу этап-этабы менен жүргүзүлүп, бардык зарыл шарттар түзүлөрү белгиленди.