Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Джорджия штатындагы Aтланта шаарында жашап жаткан Нуркыз Бейшеналиева. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөгө кантип барып калганын айтып берди.
Нуркыз Бейшеналиева 1998-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында төрөлгөн.
«Азыркы учурда рекавери жана функционалдык калыбына келтирүү багытында иштейм. Негизинен инсульт жана башка неврологиялык оорулардан кийин оор абалда калган адамдар менен иштеп, алардын кайрадан өз алдынча жашоого кайтуусуна жардам берем. Мен үчүн бул жөн гана жумуш эмес — бул адамдардын жашоосун өзгөртүү.
Мен Кыргызстанда медициналык билим алгам. Алгач «Ататүрк - Ала-Тоо» эл аралык университетинде окугам. Андан кийин Америкадагы Life University университетинде көнүгүүлөрдүн физиологиясы (еxercise рhysiology) багыты боюнча магистратураны аяктадым. Бул багыт спорт медицинасы жана адамдын кыймыл аркылуу калыбына келүүсүн терең изилдөөгө негизделген», - деди ал.
Мекендештин айтымында, Америкага билим алуу максатында келген. Магистратурага тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бул жерде калып, өзүнүн адистиги боюнча өнүгүүнү чечкен.
«Себеби бул жерде өз мүмкүнчүлүктөрүңдү толук ачууга шарт бар. Америка — мүмкүнчүлүктөр өлкөсү. Бул жерде ар бир адам өзүнүн эмгеги менен каалаган деңгээлге жетише алат. Албетте, алгачкы жылдар оңой болгон жок. Жаңы чөйрө, жаңы система — баарына көнүү убакыт талап кылат. Бирок эң негизгиси — чыдамкайлык жана максат. Эгер адам чыдап, аракет кылса, убакыт өтүп баары өз ордуна келет.
Бул жерде адамдар абдан ачык, боорукер жана колдоочу. Ар кандай улуттар жашагандыктан бири-бирин түшүнүүгө аракет кылышат. Көпчүлүк адамдар жардам берүүгө даяр, бул мени абдан таасирленткен.
Кыргызстандан эн чоң айырма — системалуулук жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңдиги. Бул жерде ар бир нерсе так уюштурулган жана ар бир адам өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мени адамдардын убакытка болгон мамилеси жана жоопкерчилиги таң калтырды. Бул жерде ар бир адам өз ишин так жана сапаттуу аткарууга аракет кылат», - деди ал.
Нуркыз Бейшеналиева магистратураны ийгиликтүү аяктап, бүтүрүү аземинде Кыргызстандын желеги менен биринчи болуп чыккан.
«Бул мен үчүн чоң сыймык болду. Андан тышкары, өзүмдүн практикамдын негизинде инсульттан кийинки калыбына келтирүү боюнча өз методикамды иштеп чыгып, ошол методиканын негизинде өзүмдүн реабилитациялык (recovery) борборумду ачтым.
Мен Америкага жалгыз келгем, бул жерде эч кимим жок болчу. Алгачкы айлар абдан оор өттү. Жаңы чөйрөгө көнүү, тил, адамдар менен байланыш түзүү оңой болгон жок. Ошол эле учурда окуп да, иштеп да жүрдүм. Бардык чыгымдарымды өзүм жаптым. Бул процесстин баары мени чыңдап, күчтүү кылды.
Атлантада кыргыздар көп эмес, бирок биз бири-бирибиз менен байланышып, кыргыз салттарын сактап, майрамдарда чогулуп турабыз. Бул жерде да өз ара колдоо абдан күчтүү.
Бош убактымда өзүмдү өнүктүрүүгө, окууга жана спорт менен машыгууга убакыт бөлөм. Өз үстүмдө иштөө мен үчүн дайыма маанилүү. Азыркы учурда мен өзүмдүн калыбына келтирүү борборумду өнүктүрүп жатам. Келечекте бул системаны кеңейтип, Америка боюнча ар кайсы штаттарда мындай борборлорду ачып, мүмкүн болушунча көп адамдарга жардам берүүнү максат кылам. Мен иштеп чыккан методикамды масштабга чыгаруу — негизги максаттарымдын бири», - деди ал.