Turmush —
Москва районундагы окуучулар аскерге чейинки даярдыктарын көрсөтүштү. Бул тууралуу Н.Бакиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Наргиза Калмуратова билдирди.
Анын айтымында, машыгуу Ак-Суу айыл аймагындагы тоо этегиндеги мектепте өттү.
«Аскерге чейинки даярдоо боюнча райондук семинар уюштурулду. Анда саптык тизим, тартип жана жоопкерчили, коркунучтуу кабар, эвакуациялоо, жарадар жоокерге жардам көрсөтүү, марш тебүү, аскердик-патриоттук ырларды ырдоо каралды», - деди ал.