Turmush — Интернет тармактарына тараган 4 жаштагы бала чоң энеси тарабынан ур-токмокко кабылган деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 10-апрелинде Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну, 2022-жылы туулган М.У. аттуу баланын бети-башы көгөрүп жүргөнү тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Бул боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.
Аталган факты Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү учурунда баланын атасы, 1984-жылы туулган Б.Ч., жана апасы, 1987-жылы туулган О.Т., экинчи топтогу майыптыгы бар үй-бүлө экени аныкталган. Алар эч кандай арыз-доосу жок экенин билдиришип, баланын көгөрүшү 2020-жылы туулган агасы М.М. тарабынан сокку уруунун натыйжасында болгонун айтышкан.
Балдардын чоң энеси да суракка алынып, ал уулу Б.Ч. үй-бүлөсү менен жакын жерде жашагандыктан, кабар алып турарын билдирген. Анын айтымында, 7-апрелде неберелери көчөдө ойноп жүргөнүн көрүп, ата-энелери талаа иштеринде болгондуктан, аларга жолуга албай кеткен.
Ал эми “чоң энеси небересин ур-токмокко алган” деген маалыматты тараткан Үч-Коргон айылынын тургуну, 1990-жылы туулган Д.Г., 2026-жылдын 10-апрелинде баланын көзү көгөрүп жүргөнүн көрүп, ушундай маалымат таратканын билдирген.
Фейсбук баракчасына жазып чыккан Г.Д. аттуу жарандын билдирүүсү да текшерилип, чоң энеси тарабынан ур-токмокко кабылганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес.
Учурда бул иш боюнча ар тараптуу текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.