Turmush — Ош шаарында түнкүсүн мушташкан жарандар тергөөгө камсыз болушту. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-апрелде Ош шаарындагы май куючу станциялардын алдында мушташып жаткан жарандар боюнча кыскача видео социалдык тармакка тараган. Бул видео маалым болору менен Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан окуяга тиешелүү жарандарды табуу жана алардын кыймыл-аракеттерине баа берүү боюнча тапшырма коюлган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында мушташка катышкан эки жаран тең Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына камсыз болду.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-апрелинен 16-апрелине караган түнү Ош шаарынын Г.Айтиева көчөсүндө жайгашкан «Партнер-Нефть» май куючу жайындын алдында арыздануучу — 1990-жылы туулган жаран бейтааныш жаран эч бир себепсиз уруп, денесине залал келтиргенин жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн билдирген.
Аталган арыз 2026-жылдын 17-апрелинде Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ушул эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү менен (бейбаштык) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбө болгон атуулдар суракка алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Иш боюнча өздүгү аныкталбай жаткан жаран Т.Э. экендиги аныкталып, аны табуу жана тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тергөө тапшырмасы берилген. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарынын тургуну — 1998-жылы туулган Т.Э. тергөө кызматына камсыз болуп, шектүү катары суракка алынып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык, эки жарандын пикир келишпестиги «Энесай» эс алуу жайында башталып, көчөдө уланган.
«Айрым интернет булактарында кармалган жаранды “Акжол Махмудов экен” деп, туура эмес маалымат таратышууда. Бул чындыкка туура келбейт», - деп айтылат милициянын маалыматында.