Turmush — Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы 32 гектар аянтка жаңгак көчөтү отургузулуп жатат. Бул тууралуу Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кутман Эралиев билдирди.
Анын айтымында, айыл аймакка караган Кайнар айылына 12 миң 880 түп жаңгак көчөтүн отургузуу иштери жүрүүдө.
«Кайнар айылындагы көчкү кеткен жерге жаңгак көчөттөрү отургузулуп жатат. Биздин жердин кыртышына жаңгак, мисте гана ылайык экен. Кычкылтекти жакшы бөлүп чыгарат деп жаңгакты тандаганбыз. Жергиликтүү тургундар менен биргеликте отургузуу иштери жүрүп жатат.
Атайын жашоочулар менен келишим түздүк. 32 жаранга 1 гектардан бөлүп берилди. Алар көктөтүп түшүм алганга чейин бекер эле пайдаланышат. Түшүмгө киргенде ошол эле жарандарга түз келишим менен, келишимди өзгөртүп ижарага беребиз. Эгер көктөтө албай калса, ал жарандардан жерди кайра алып, иштетем деген жарандарга беребиз. Жалпы 32 гектар жерге 13 миңге жакын жаңгак көчөтү эгилип, айланасы тосулат. Мындан сырткары дагы 15 гектар жерге жаңгак өстүрүү боюнча иш алып баруудабыз», - деди Эралиев.