Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын кезектеги каарманы — репрессия курмандыгы болгон Осмон Элебесов. Учурда анын ысымын Ак-Суу районуна караштуу Жергез айылындагы мектеп алып жүрөт.
Осмон Элебесов тууралуу маалымат Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинде түбөлүк сактоодо турган «Ак-Суу районунун өмүрү өрнөк инсандары» коллекциясынан алынды.
Кыргыздын ошол кездеги кесипкөй юристи Осмон Элебесов 1895-жылы 20-майда Каракол округунун Тургөн аймагындагы Чоң-Жергез айылында орто чарба үй-бүлөдө туулган. Ал табиятынан зирек, зээндүү болгондуктан 1910-жылга чейин Каракол шаарындагы орус-тузем мектебинде окуган. Осмондун атасы Элебес уулун 1906-жылы Каракол шаарындагы орус-тузем мектебине берген. Анда Осмон 10 жашта болчу. Ал кезде караңгы кыргыздар «Элебес уулун шаарга алып барып чокундуруп келиптир» деп бир топ сөз кылышкан.
Осмон шаар тартибине бат эле көнүп, орус-тузем мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, орус тилинде эркин сүйлөгөнгө, жазганга жетишкен.
Андан соң Каракол шаарындагы бирден-бир жогорку окуу жай болгон Г.А.Колпаковский атындагы Каракол шаардык жогорку башталгыч окуу жайында билимин улантат. Аталган окуу жайды ал 1914-жылы ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк алып, Каракол шаарында тилмеч (котормочу) жана жазмачы (писарь) болуп иштей баштайт.
Арадан эки жыл өткөндөн кийин кыргыз элинин тарыхында калган Үркүн башталат. О.Элебесов ата-энеси, ага-туугандары менен Кытайга кетүүгө аргасыз болот. Архивдик материалдар боюнча, О.Элебесовдун өз колу менен толтурулган өздүк партиялык баракчасында: «Был за границей в Китае, в виду киргизского восстания в 1916 году. Работал разнорабочим» деп Үркүнгө саясий аныктама берет.
Осмон Совет бийлигин Жети-Сууда орнотууда активдүү катыша баштайт. 1919-жылы апрелде ВКП(б) партиясынын катарына өтөт. Ошол эле жылы Каракол шаарындагы «Мировой судьяда» тилмеч, жазмачы болуп иштей баштайт. 1921-жылы «Кошчу» союзуна мүчө болот.
1921-жылы өзүнүн айылы Чоң-Жергез сельсовети боюнча жер бөлүштүрүүгө атайын «уполномоченный» болуп иштейт. 1922-жылы Каракол суу аймагы (водный округ) боюнча экспедициянын жардамчысы болот. Ал эми 1921-жылы март айында Каракол аймактык жактоочу (правозаступник) болгон.
1922-жылы Каракол аймактык эл соту болот. Бул кызматта тажрыйбалуу юрист катары кызмат өтөгөн. 1925-жылы Ташкент шаарындагы САКУнун юридикалык курсунда билимин өркүндөтүүгө жетишкен.
Кызмат абалына байланыштуу үй-бүлөсү менен Каракол шаарында жашаган. Чоң-Жергездеги өзүнүн үйүн башталгыч мектепке берет. Туулуп-өскөн айылындагы зирек бир топ балдардын Каракол шаарынан билим алуусуна түрткү болуп, өз үйүнө жаткырып окутат.
1932-1937-жылдары О.Элебесов Кыргызстан дары-дармек трестинин Ысык-Көл аймактык мекемесине караштуу Чоң-Жергез агрофирмасына жетекчи болгон. 1938-жылы 16-январда аталган кызматынан эч себепсиз бошотулат. 4-мартта НКВД кызматкерлери тарабынан «эл душманы» деген саясий жалаа менен репрессияланат.
1938-жылы 15-марттагы «Тройканын» жашыруун протоколунда ага негизсиз 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат. Кыйноолордон кийин Молдовановка түрмөсүнө которулат. Андан Свердловск, Магадан, Владивостокко айдалат.
1939-жылы 4-майда Осмон Кыргыз ССРинин Жогорку прокуроруна Владивостоктон арыз жазат. Анда өзүнүн күнөөсүз экендигин билдирип, ишти кайра тергөөнү суранат.
Белгилей кетүүчү жагдай — анын профессионал юрист болушу, кесиптик тажрыйбасы тагдырын чечүүдө маанилүү роль ойногон. Өзүн-өзү юрист катары сабаттуу коргой алгандыктан «Тройка» аны дароо атып салбай, жаза мөөнөтү менен чектелген.
1940-жылы 2-февралда РСФСРдин Ички иштер эл комиссариаты «Тройканын» чечимин жокко чыгарган. Тилекке каршы бул актоо ага жеткен эмес.
10 жыл бою Ыраакы Чыгышта каторгалык оор жумуштарды аткарып, ден соолугу начарлап, 1947-жылы 15-майда Бухта-Находка түрмөсүндө каза болгон. 1964-жылы 3-мартта Кыргыз ССР Жогорку сотунун чечими менен акталган.
Кыргыздын ошол кездеги профессионал юристи О.Элебесовдун ысымы жергиликтүү мектепке берилген. Анын документтери «Көрүнүктүү инсандар» фондусунда түбөлүк сактоого алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин Осмон Элебесовдун небереси Айгүл Осмонова Орусиянын Магадан аймагынан архив маалыматтарды чогултуп, «ГУЛАГдын курмандыгы атам жана чоң атам» деген китеп жазганы маалымдалган.