Turmush — Түп районунун Арал айылынын тургуну Бактияр Калиев өсүмдүк майын өндүрүү багытында ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүп жатат.
Анын айтымында, атасы менен биргеликте акыркы эки жылдан бери сафлор өсүмдүгүн өстүрүп, андан май алуу ишин колго алышкан. Ишкана Арал айылында жайгашкан.
Бактияр Калиев негиздеген ишканада күнүнө бир тонна өсүмдүк майы өндүрүлөт. Экологиялык жактан таза деп эсептелген продукция атайын жабдуулардын жардамы менен чыпкаланып чыгарылат.
Учурда өсүмдүк майына болгон суроо-талап жогору болгондуктан, ишкана күнү-түнү тынымсыз иштеп жатат. Азыркы тапта бул жерде сафлор жана зыгыр майы өндүрүлүүдө.
Ишкер мындан ары күн карама майын да чыгарууну пландап жатат. Кооперативдин кампасында эки айга жеткидей сафлордун запасы сакталууда.
Быйыл Түп районунда 200 гектардан ашуун аянтка сафлор эгүү пландалууда.