Turmush — Манас шаарында мэрия тарабынан калаадагы багар-көрөрү жок жарандарга акысыз бир маал тамак-аш берилет. Шаардык кеңештин депутаттары аталган жайга барышты.
Манас шаардык кеңешинин социалдык жана укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, саясий партиялар, коомдук уюмдар, жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Мая Багышеванын айтымында, текшерген учурда борбордо тамак-аш даярдалып, муктаж жарандар келип тамактанып жатканы байкалган жок. Жыл сайын калаа бюджетинен «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» борборуна 4 млн сомдой акча каражаты бөлүнүп берилет.
«Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баш болгон депутаттар иш пландын негизинде кайрымдуулук борборунун ишмердүүлүгү менен жеринен тааныштык. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган борбордо 70ке чукул селсаяк жана муктаж жарандарга акысыз тамак-аш берилери айтылган. Бирок биз түшкү тамактануу маалында, тагырагы саат 12ден 13:00гө чейин ал жерде тамак-аш даярдалып жатканын жана муктаж жарандардын келип тамактанып жатканын байкаган жокпуз. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн сомдой акча бөлүнөөрү маалым.
Жумушчу топ борбордон тамактангандардын январь, февраль жана март айындагы тизмесин көрдүк. Бирок апрель айындагы эч кандай каттоо журналын байкаганыбыз жок. Мындан улам бизде сөз болуп жаткан 70 кишиге тамак-аш даярдалбайт деген күмөн пикир пайда болду.
Аталган жагдай боюнча шаардык кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү эскертүүлөр берилип, жооптуу кызматкерлерге ишти жакшыртуу боюнча тапшырмалар коюлду. Аны менен катар бул маселе аталган борбордун жетекчиси Абдумалик Тагаев жана шаар мэри Абдупата Жороевдин катышуусунда талкууланат», - дейт Багышева.
Мындан сырткары депутаттар калаанын М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан балдардын реабилитациялык борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты.