Turmush — 5-апрел күнү Нарын шаарында Нарын дарыясына агып кеткен Алихан аттуу бала изделип жатат. Анын апасы Айжан Кайкиева кырсыктын чоо-жайын айтып берди.
Ал суунун жээгин тосуп берүүнү суранууда.
«Өзүм деле үйдө болчумун. Кирип-чыгып ойноп жаткан. Карап жаткам, 5 мүнөттө эле жок болуп кетти. Кошуна чуркап келип «агып кетти» деди. Көпүрөгө чейин чуркап бардым. Балам суудан чыга калчудай болду. Кайра чуркап барып Нурбек деген кошунаныкына бардым. Жабылып, кошунанын баары чуркап келишти. ӨКМ деле бат эле келди. Бирок аркан менен эле келишиптир, бала чалкасынан түшүп агып бара жатканын көрүп кармай албай калышыптыр. Аркан менен жетпей калышыптыр. Чакыруу түшкөндө баарына даяр болушу керек болчу. Өзүлөрү эле барыптыр. Кайыктарын алып барса кармап калмак экен.
Бул үйгө киргенибизге 2 жыл болду. Коопсуздук үчүн суунун жээгин тосуп беришсе жакшы болот эле», - деди ал.
Чөгүп кеткен баланын кошунасы Болот кызы Гүланданын айтымында, анын баласы экөө суу чачышып ойноп жаткан.
«Балам экөө суунун жээгине барышчу эмес. Ал жер тосулган эмес, ачык. Ошол жерге жакын жашайбыз. Биз жаңы көчүп келгенбиз. Негизи башка кошуналар айтат балдарыбыз барып, балык кармайбыз деп ойношот, кээ бири телефон көрүшөт экен. Негизи чоңдордун көргөнүн туурашкан окшойт. Баламдын айтып бергени боюнча, суу чачышып ойнойбуз дешиптир. Биринчи менин балама суу чачыптыр, анан кичинекей таштан чоң ташка секирем деп сууга түшүп кетиптир. Балам аны куткарам дегенби же аркасынан түшкөнбү ийнине чейин суу экен. Агып кеткенин көрүп жүрөгү түшүп, ыйлап келди. Башкача боздоп келди. Жыгылып кеттиби деп чуркап келе калсам эле «Алихан» деп кыйкырып ыйлады. «Эмне болду?» десем. «агып кетти» деди. Айтары менен ӨКМге чалдым.
Нарын суунун жээги муниципиалитетке карайт, тосулушу керек. Тегерек четте баары кичинекей балдар бар. Тосулса барбай калат эле», - деди ал.
Дагы бир кошунасы Чынара Сакыбаева бийликке дарыянын жээгин тосуп берүүнү суранды.
«Моква чөлкөмүнүн жашоочусу болом. Алихандын жанында менин неберем ойноп жүргөн. Ушундай жаман окуяларды алдын алуу үчүн жогорку бийликтен, жергиликтуүү бийликтен суранат элек. Бала-бакыранын коопсуздугу үчүн эл жыш жашаган суунун жээктерин тосуп берүүсүн суранат элем. Алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек деп ойлойм. Бала деген бала экен, 24 саат бою кайтара албайт экенбиз», - деди ал.
Коопсуздук маселеси боюнча Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызы комиссия менен чыгып, кандай кылса болору жөнүндө сунуш берилерин, дарыянын жээгин тосууга пландары бар экенин айтты.
- ӨКМ буга чейин 5-апрелде Нарын дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы бала изделип жатканын билдирген. Анда Нарын шаарындагы Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 5 жаштагы О.А.О. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткени айтылган. Ал күнү аны издөөгө 96 адам тартылган.