Turmush — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл аймагында жолбун иттер атылып баштады. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Курама айыл аймагында Панфилов, Жайылма, Эфиронос, Орто-Арык, Каптал- Арык жана Партсъезд айылдары жайгашкан.
«Жаз келип, күндүн табы көтөрүлгөн тапта айыл көчөлөрүндө жолбун иттер пайда болду. Мындай көрүнүш кооптуу болгондон улам жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жолбун иттер атылып баштады. Мындай иш-аракеттер жарандардын, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында ишке ашырылууда. Ошону менен бирге жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, жолбун иттерди атуу учурунда бардык коопсуздук, санитардык-гигиеналык жагдайлар эске алынды. Иштер тиешелүү кызматтар тарабынан белгиленген тартипте аткарылууда. Унаага жүктөлгөн атылган жолбун иттер бардык эрежелерди сактоо менен атайын белгиленген жерге көмүлөт.