Turmush — Жети-Өгүз районуна караштуу Көк-Жайык жайлоосунда байчечекей гүлү ачылганын жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, бул аймакта байчечекей жыл сайын жаз мезгилинде гүлдөйт. Быйыл гүлдөр апрель айынын башында ачылып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу эртерээк гүлдөгөнү байкалган.
Байчечекей гүлдөгөн маалда Көк-Жайык ак түскө оронуп, өзгөчө кооз көрүнүшкө бөлөнөт. Ушул мезгилде бул жерге жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар көп келип, сүрөткө түшүшөт.
- Каакым жана байчечекейдин тегиз гүлдөшүн баамдаган Акысбай аксакал быйыл түшүм мол болот деген пикирде.
Жай мезгилинин келишин менен аталган жайлоодо боз үй шаарчасы түптөлүп, жүздөгөн ак өргөлөр мейман күтөт. Быйыл аталган аймакта кышкы туризм да өрчүп, чет өлкөдөн келген эс алуучулардын саны арбыган.
Май айынын ортосунан тарта бул өрөөндө боз үйлөр тигилип, кеч күзгө чейин кишинин саны азайбай турганын жергиликтүүлөр белгилешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Көк-Жайык жайлоосу Бишкек шаарынан 410 чакырым алыстыкта. Жайлоону көрөм дегендер, ал жакка болжол менен 5-6 саатта жете алат. Ал Жети-Өгүз өрөөнүндө жайгашкандыктан, жолдон «Жарылган жүрөк» тоосун, жети кызыл жарды көрө кетүүгө болот.
Жайлоо асман тиреген карагайлардын көптүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Шар аккан суу, таза аба — эс алууга сонун мүмкүнчүлүк. Мындан сырткары жайлоонун төр жагында шаркыратма да бар. Ар жайда жайлоого боз үйлөрдүн конушу түшүп, жергиликтүү тургундар мал жайып, бээ байлашат.
