Turmush — Кечээ, 7-апрелде Кадамжай жалпы дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаандан улам бейтаптар жаткан палаталарга чатырдан суу акты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, медкызматкерлер тамчы аккан жерлерге челектерди тизип сууну тосушкан. Аталган бөлүмдө дубалдар да көгөрүп кеткен.
Ал эми Кадамжай жалпы дарыгерлер борборунун директеру Султанбек Кааров айтылган кепти четке какты. Анткени бул суулар жаандын суусу эмес. Ал жылытуу системасынын суу кампасынан ашып чыккан. Анткени жылытуу системасын өткөн жылы электр энергиясы менен эмес, көмүр менен жылытууга өтүшкөн. Бирок 6,5 млн сомго курулган борборлоштурулган жылытуу системасын курган адамдар жылытуу сезонунан кийин иштетип берерин билдирген.
Мындан улам кечеги суу ушул жылытуу системасынын суу сактоочу кампасынан ашып түшкөн. Анткени буга чейин мындай абал болгон эмес. Ушул жылы аталган бөлүм капиталдык оңдоп түзөөдөн өтөт. Ага 7 млн сом каралмакчы.