Turmush — Чүй облусунун Жайыл районунун баскетболчулары Казакстандагы турнирде 3-орунду алды.
Маалым болгондой, 2026-жылдын март айынын аягында Казакстандын Шымкент шаарында баскетбол боюнча республикалык «NAURUS CUP» ачык турнир өттү. Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан Жайыл районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин баскетбол боюнча машыктыруучусу Расул Бегалиевдин окуучулары катышып, байгелүү 3-орунду багындырды.
Спортчуларга Шымкент шаарындагы спорт мектептин атынан медаль жана дипломдор тапшырылды.