Turmush — Өзгөн шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү, деп билдирет Өзгөн шаардык мэриясы.
Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык, Өзгөн шаарында мэрдин кубогуна арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.
Аталган спорттук иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан, ошондой эле Өзбекстан Республикасынан келген 800гө жакын жаш балбан күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген спортчулар Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан сыйланышты. Аларга медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар Өзгөн шаарынын мэри Нурлан Саипбаев тарабынан тапшырылды.
Өз сөзүндө шаар мэри спорттун жаш муунду тарбиялоодогу ордуна токтолуп, мындай мелдештер сергек жашоо образын жайылтууга жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Бул мелдеш жаштар арасында спортко болгон кызыгууну арттырып, достукту жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.