Turmush — Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын 38 жаштагы тургуну Эрмамбет Бакаев тагдырдын оор сыноолоруна сынбай, уулун тарбиялап келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда төрөлгөн. 2006-жылы №6 Т.Темиров атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Баткендеги 2022-аскер бөлүгүндө жоокердик кызматын өтөгөн. 2008-жылы аскерден кийин билим жолун улап, Ош шаарындагы окуу жайга сырттан тапшырып, ошол эле жылы Ош шаарындагы ички иштер органдарына ишке кирген. Үйлөнүп, эл катары турмуш жолун улаган. 2010-жылы Ош шаарында улуттар аралык кагылышуу чыкканда коомдук коопсуздукту коргоп, кызматтык милдетин аткарган.
«Ал жерде элге жардам берип, ары-бери унаа менен ташып, адамдарды коштоп жүрдүк. Ошол күндөр бүгүнкүдөй көз алдымда. Ошондо адам өмүрүнүн баасын терең түшүндүм. Бишкектен аскер, күч органдарынан көптөгөн кызматкерлер коргоого келишти. Бишкектен келген кызматкерге ок тийип, ооруканага барып, өлүканадан жансыз денесин алып чыгып, борборго жөнөтүү керек эле. Чакан тик учакка салып учурдук», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө 2011-жылы июнда которулуп келгенин айтты. Анын тагдырын түп-тамырынан өзгөрткөн окуя ошол жылы 7-июлда болгон.
«1 айдан кийин чогуу иштеген кесиптешим жаңы унаалуу болуп, «чогуу айланып келбейлиби» деп калды. Мен макул болуп, экөөбүз унаасын айдап, шаардагы Комсомол көлүнүн жээгине барып олтурдук. Анын айдаганы башында эле жакпай жаткан. Себеби айдоочулук күбөлүгү жок болчу. Анан мен «Кел дос, мен айдайын» деп айттым. Болбой койду. Газды басып катуу айдады. Жасалма дөңчөлөрдөн секирип барып, эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам эл көп, мени унаадан тартып чыгарып жатышыптыр. Белден ылдый эч нерсени сезбей жаттым. Күбөлөр «унаа 3-4 жолу оодарылып кетти» деп айтышты. Ал эми кесиптешим баш мээси чайкалып, оор жарат алган эмес.
Ооруканага барып, коридордо көпкө жатып калдым. Бир кезде дарыгер келип, мени текшерип, облустан адистерди чакырды. Ушул дарыгерге ыраазымын. Алар эртеси эртең менен келип, токтоосуз Бишкекке алып баруу керек деп айтты.
Бишкекке бардык. Мени операция кылуучу дарыгерлер Ысык-Көлгө кетишкен экен. 12 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Дарыгерлер келди, операция жасашты. Арт жагымдагы эттер урунуп, жарабай калгандыктан, сөөктү көрсөтүп, кесип алып ташташты. Өпкөмдөн бир идиш толо кан алды. Операция жакшы бүттү. Бирок менин абалым оор эле. Араң үнүм чыгат.
Бир тууган агам күн-түн карап, чарчап уктап калат. Аны ойготуу үчүн бетине жүз арчыны улам ыргытып жатып, араң ойготом. Сакайдым, бирок баспай калдым. Мени караган агам кийин кайтыш болуп калды. Жаны бейиштик болсун, ага ыраазымын.
Басам деп чет өлкөлүк дарыгерлерге көрүнүүгө аракет кылбадым. Анткени анын барына чоң суммада каражат керектелет. Ошол кезде басып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар дер айтышкан, азыр билбейм. Басып кетүүнү кыялданып, кудайдан тиленем», - деди ал.
Кара-Көлгө которулуп келгенде келинчегим экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жаралып, чырдашып жатканбыз. Бирок телефон менен сүйлөшүп жаттык. Мен баса бергендиктен ал сүйлөшкөн сайын «Ылайым баспай кал. Балаңды карабайсың» деген сөздөрдү айтып жатты. Көңүлгө албадым. Анан мен кырсыктап, Бишкекте жатканда чалып, ыйлады. Биринчи чалганда «Тилегине жетти. Мени унутуп койсун» деп сүйлөшпөдүм. Кайра чалды, агам сүйлөш деп, сүйлөштүк. «Мени кечирип кой. Чын көңүлүмдөн айтпадым. Сени барып карайын» деди. «Кереги жок, келбей эле кой» деп жаттым. Ошентип Бишкектен келгенимде келди, жакшы ой менен жараштык. 3 айдан кийин санаторияга кеттим, ал үйүнө кетти, 15 күн дегенде келдим. Анан «мен келдим, үйгө келбейсиңби?» деп чакырып жаттым. Ар кайсы шылтоону айтып келбейт. Уруштук, ошол бойдон келбеди», - деди ал.
Эрмамбет Бакаев 2014-жылдан баштап коляскада отурса да, ал активдүү спорттук иш-чараларга катышып келет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы спорттук мелдештерге кол күрөш, штанга көтөрүү боюнча облустук, республикалык иш-чараларга катышып, 1-2-орундарды ээлеп келет.
«Күнүгө уйкудан турганымда жарыктыкты көрүп, жашап жатканыма шүгүр кылам. Үйдө балам экөөбүз турабыз. Тамак-ашты өзүм жасайм. Келинчегим менен ажырашкан күндөн тартып баламды көрбөдүм. 2020-жылы кайненем «Эрмамбет балаң 3-классты бүттү, эс алууга чыкты. Сага жөнөтөйүн деп жатам» деп чалды. Анан балам келди. Анын чоңоюп, басып жүргөнүн көрүп, сүйүнүп жаттым. Кубанычымда чек жок. Жан дүйнөмдө балама болгон аталык мээрим толуп-ташып жатты.
Такси кызматында иштейм, баламды ойнотуп, жаңымда алып жүрдүм. Арадан 15 күн өткөндө кайненем «Эрмамбет балага ата керек экен. Балаңды өзүң тарбиялап чоңойт. Сага тапшырдым» деп ыйламсырады. Кубанычымдан ичиме батпай жаттым. Баламды чоңойтуп, өстүрөм деген алдыга койгон бир максат алдыга жетелей баштады. Өзүм окуп бүткөн айылдагы орто мектепке бердим. Ошол күндөн бери балам экөөбүз чогуу жашап, тарбиялап келем.
Уулум жаштык кылып «апам менден кабар албайт» деп таарына берет. «Балам апаң сага өмүр берип, чоңойтту. Азыр жашсың, кийин түшүнөсүң. Ар кимге ар кандай тагдыр жазат. Бул — жашоо, тагдыр. Капаланба» деп айтам. Баламдын келечекте өзүнө тың, кандай кесипти тандабасын, ошол адистиктин мыктысы, ийгилик коштогон инсан болушун каалайм. Ага жашоодо кыйынчылык болот анын барын талыкпай окуп, билимдүү болуп, ак эмгегиң менен жеңесин деп айтып турам», - деди ал.
Каарманыбыз өлкө башчыларынан мамлекеттик реабилитациялоо борборун куруп берүүнү суранат.
«Бизде мындай борборлор бар, бирок жеке менчик түрүндө. Аларга барууда чоң акча керек. Бизге окшогон карапайымдар үчүн айына 60 миң сом төлөп, жеке менчик реабилитациялоо борборунан өтүү кыйынчылык жаратууда. Ошол себептен өлкө башчылардан заманбап реабилитациялоо борборлорун куруп берүүсүн өтүнөт элем», - деди ал.
Эрмамбет мырзанын ата-энесинин көзү өтүп кеткен. Аны жакшы түшүнүп, баласын өз баласындай көргөн кыз болсо түгөйүн табуу ниети бар экенин кошумчалады.