Turmush — Баткен районунун Кара-Булак айылынын 26 жаштагы тургуну Саатбек кызы Айчүрөк чеберчиликти аркалап иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү 16 жашынан тарта окуп үйрөнүп баштаган. Алгач Бишкекте ырчы, бийчилерден буйрутма алып, кийим-кечелерин тигип иштесе, 2019-жылы кошуна айылга келин болуп келгенден кийин айылдагы кыз-келиндердин кийимдерин тигип иштей баштаган. Суроо-талаптар жогорулап кийин кайын журтунун колдоосу менен чакан цех ачып, облус аймагындагы келин-кыздардан буйрутма алып, той көйнөктөрүнө чейин тигет. Азыр өзү менен кошо 4 келинди жумуш менен камсыздап жатат.
«Өзүм Баткен районунун Рават айылынын тургуну болом. 9-класстан кийин Бишкектеги коллежде дизайнер, чеберчиликти аяктагам. Башында Бишкектеги ырчылардын, бийчилердин кийимдерин тигип иштедим. Анан бул жакка Баткенге келгенден кийин турмушка чыктым. Келин болуп келгенден кийин да тикмечиликти таштап койбой, айылдагы кыз-келиндерден, чоң кишилерге, жаш балдарга кийимдерди тигип, буйрутма алып баштадым. Чепкен, чапан, кемзир тигем Аялдарга халат, көйнөк, той көйнөктөрдү да тигип берем. Жаш балдарга дагы спорттук кийимдерди тигем.
Кайын журтум да мени колдоп келет. Өткөн жылы бир долбоорго катышып, 4 тигүү машинасын алдым. Азыр өзүм эмес, дагы жумушчулар менен кошо иштеп жатабыз. Мага Баткендин бардык эле аймагынан буйрутма түшүп турат. Көбүнчө кечелерге кийиле турган көйнөктөр. Жаңы жылдык кечелерге, тойго кийгени тиктиришет. Алар айткан фасондорду, же өзүм сунуштаган фасондо тигем. Бишкектен да онлайн буйрутма түшөт. Анан жайында айылдагы кыз-келиндерден бошобой калам. Анткени жазында күн жылып, жука көйнөк шымдарга буйрутма көбөйөт. Бул учурда бир жумалап кезек күтүп калышат. Азыр эми жалгыз эмесмин, жумушчулар бар. Ошол эле учурда аял киши балага карап, тамак-ашка да карап турушубуз керек болот.
Азыр эми кызыгуум дагы да арта баштады. Тиккен кийимдерди онлайн сайттарга чыгарсак дейм. Дүң баада базарларга чыгарсак дейм. Ага тигүү машиналарын жана чеберлердин санын көбөйтүү керек», - деди ал.
Айчүрөк айым 2 баланын апасы.