При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Менин атам жана энем: Тайэнем Карабашева Зейнептин амандыгын тилейм

Turmush -  «Мен өзүмдүн тайэнем жөнүндө айткым келет. Тайэнем Карабашева Зейнеп азыр 79 жашта, үйүбүздүн кутман карысы, Баатыр эне. 5 кыз 2 уулду төрөп өстүргөн. 15 неберенин чоң эне, тайэнеси. Токтогул районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте 30 жыл математика сабагынан билим берген мугалим болуп эмгектенген. Тайатабыз Изамбаев Самидин экөөнүн баш кошконуна 55 жыл болду. Тайатабыз да Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте англис тили мугалими болуп 52 жыл иштеди. Тайэнемде кыргыз аялзатынын, кыргыз эненин баардык касиеттери сакталган. Анын улуулугу да, убайым тарткан санаачылдыгы да ушунда. Жүзүндөгү ар бир бырыштан балдары анын алдынча канчалык карыздар экенибизди сезгендей болобуз.

Азыр тайэнебиз шаарда. Неберелерине келген. Анын энелик мээриминин алдында өзүмдү алда канча кичине, алда канча жаш бала сезем. Апамдын апасы деген ой, анын тирүү жүргөнү эле бизге бакыт. Тайэне — сизди келе жаткан Энелер күнү майрамыңыз менен куттуктайм. Ар дайым бар болуңуз!».

IMG-20150515-WA0008 

IMG-20150515-WA0009 

IMG-20150515-WA0007

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2058
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу