Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Менин атам жана энем»: Атам нукура кыргыз инсан болчу

Turmush -  «Баракелде» сайтынын «Менин атам жана энем» долбоорунун алгачкы баяны кыргыздын белгилүү алп акыны Турар Кожомбердиев тууралуу болмокчу.

Акын тууралуу анын кызы Кожомбердиева Нургүл Тураровна айтып берди.

«Атамдын мүнөзү жөнүндө айтсам, аны тирүүсүндө көрбөй калгандар: көзү өткөн адамдын баарын жакшы деп айтышат деши мүмкүн. Ошондой болгон күндө да ал жанда жок жароокер, калыс, адамгерчиликтүү, намыстуу, Манас атадай айкөлдүгү жана акылмандыгы менен башкалардан айрымаланып турчу. Деги ал бир өзгөчө жаралган жан эле. Мен ушул күнгө чейин бир дагы ага түспөлдөш, ага окшоштугу бар адамды түк кезиктирген жокмун.

Анткени атам бою менен да, ою менен да башкалардан бир кыйла бийик турган нукура кыргыз инсан болчу. Анын ар бир мүнөзү, жүрүш-турушу, кылган иштери «мен кыргызмын» деп өз элине эталон катары Кудайымдан берилгендей эле.

Орус тилинде мыкты билсе да, бир дагы орусча сөздү колдонбой кыргыз тилинде таза, көркөм сүйлөй турган. Орусча кошуп сүйлөгөн адамдарды шылдыңдап «тантык» деп койчу. «Жакшы адам өз эне тилин эч качан чанбайт», деп бизге көп айта турган.

Эч качан жаман сөз сүйлөбөгөн, керек болсо сөзгө «жаман» деген сөздү «жакшы эмес» деп айтканы абдан эсимде калды».

turar4

Акын Т.Кожомбердиев 1941-жылы Жайыл районунун, Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштап, кийин «Кыргызстан» басмасында, Кыргыз ССР маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы басмадан жарык көргөн.

«Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» ырлар жыйнактары үчүн республиканын Ленин комсомол сыйлыгын алган. Көптөгөн ырларына обондор чыгарылган.

Турар Кожомбердиев 1989-жылы 30-январда көз жумган.

10945576_354594754731499_1425487091950047648_n  10959239_354400684750906_3049533137583072612_n

10407020_354561598068148_434809999483858748_n

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×